Бишкек шаарында жашылдандыруу мезгили жаздын келиши менен башталат. Жаз - бак-дарактарды отургузуу үчүн эң жакшы мезгил.
Бул багытта «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын жана А.Э.З.Гареев атындагы КР Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери, Ботаникалык бактын жашылдандыруу боюнча алдыңкы адистери шаар тургундарына шаарга отургузуу үчүн жалбырактуу бактарды тандоону сунуштайт.
Борбор калааны жашылдандыруу үчүн карагач, глядичия, эмен, клен, липа, сыяктуу жалбырактуу дарактарды, ошондой эле бадалдарды отургузууну сунуштоодо.
Бүгүнкү күндө жалбырактуу дарактар шаардык чөйрөдө ийне жалбырактуу дарактарга караганда бир катар олуттуу артыкчылыктарга ээ.
Биринчиден, алар абаны тазалоочу табигый чыпкалар катары кызмат кылат, ысык мезгилде айлана-чөйрөнүн температурасын төмөндөтүүгө жардам берет жана өтө жөнөкөй.
Урматтуу шаардыктар, борбор калааны жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө салым кошууну каалагандар! Бишкек шаарынын мэриясы бак-дарактарды отургузуу боюнча толук маалымат алуу үчүн «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына кайрылууну сунуштайт. Дареги: Ташкент көчөсү, 17. Маалымат алуу үчүн телефон номери: 0551 143 96.