Борбор калаада Эл аралык эне тил күнүн утурлай жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында "Тил-достуктун ачкычы" аттуу шаардык изилдөө долбоорлорунун сынагы, ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын арасында "Кыргыз ырларын ырдайлы"  кароо-сынагы өткөрүлдү.

Сынактарга 12 мектеп жана 12 мектепке чейинки билим берүү уюмдары катышып, райондук турларда 1-2-3-орундарды ээлешти.

"Тил-достуктун ачкычы" сынагынын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:
№77 орто мектебинин окуучусу Эсенбекова Айсалкын гран-приге ээ болду;                  
I орун – №49 орто мектебинин окуучусу Мамазимова Жасмин;
II орун – №11-орто мектебинин окуучусу Сапарбекова Джазель;
III орун – №12- орто мектебинин окуучусу Джан Ёну;
III орун - №100-орто мектептин окуучусу Майрамбекова Асемалар ээледи.

"Ырдайлы кыргыз ырларын" сынагынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү орундарды ээледи:
I орунга № 51 МЧББУ-Гудым Виолетта  ээ болду;
II орун-МЧББУ №53  тарбиялануучусу Фатыхова Таслия;
III орунга МЧБУУ № 117 тарбиялануучулары Тисленко Алан, Пак Мия, Проценко Алиса;
III орунга МЧБУУ №118 Дадакозуев Мустафалар

Иш-чаралар Кыргызстанда жашаган элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө максатында өткөрүлдү.