Бишкек шаарында карызы бар абоненттерге рейд жүргүзүлүүдө.

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздарды аныктоого багытталган иш-чаралар «Тазалык» жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынын абоненттик базасынын өкүлдөрү менен бирге муниципалдык администрациялар тарабынан жүргүзүлүүдө.

Рейддердин жүрүшүндө адистер жашоочуларга төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби, карыздын мүмкүн болуучу кесепеттери жана өз убагында төлөөнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымат беришет.

Карызы барларга карата колдонулуучу чараларды түшүндүрүүгө, ошондой эле карызды төлөөнүн варианттары жөнүндө маалымат берүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Биринчи май районунда жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында тургундар коммуналдык кызматтарга болгон 800 миң сомго жакын карызын төлөштү. Өз кезегинде Ленин районунун тургундары 750 миң сомдон ашык төлөшкөн. Октябрь районунун тургундары 120 миң сомго жакын, Свердлов районунун тургундары 67 миң сомдон ашык төлөшкөн.