Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте курулуш компанияларынын объектилерин текшерип, атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуучу жабдууларды орнотуу боюнча көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын карап чыкты.
Айни көчөсү, 82 дарегиндеги "Амир прогресс" ЖЧК курулуш компаниясынын аймагы текшерилди.
Бул жерде атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууганга жабдуулар жок.
Мэр муниципалдык инспекцияга мыйзамга ылайык чара көрүп, жабдуулар орнотулганга чейин көзөмөлгө алууну тапшырды.
Объекттинин аймагында суунун орунсуз чыгып жатканына байланыштуу, "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасына суу ресурстарын сарамжалсыз пайдалангандыгы үчүн айып салуу тапшырылды.
Ошондой эле, аталган аймакта курулуш нормалары сакталган эмес.
Жал-29 кичирайонунда жайгашкан "Эра Констракшн" ЖЧКсы да дөңгөлөктөрдү тазалоо (жуу) пунктун орноткон эмес.
"Биз курулуш объектилеринде дөңгөлөк жуугуч жабдууларды текшерүү боюнча 10 күндүк рейд баштайбыз. Айып пулдардан тышкары, мыйзам бузуулар жоюлмайынча объектилерди жапканга чейин чараларды көрөбүз", - деди мэр.
Муниципалдык инспекцияга тийиштүү жабдуулар орнотулганга чейин курулуш объектилеринин кирүүсүнө/чыгуусуна бөгөт коюу, ал эми Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгына бардык объекттерде көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.
Бүгүнкү күндө 457 аймакка курулуш иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №100 буйругунун негизинде борбордук муниципалитет, бардык курулуш компаниялар (подряддык уюмдар) Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык курулуш объектилеринде автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоо (жуу) пункттарын орнотууга милдеттүү экенин расмий билдирет.