Бишкектин райондорунда жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын экинчи этабы өтүүдө.

Бул жылы олимпиада 10 түрдүү предметти камтып, ар бир катышуучу өзүнө жакын болгон тармак боюнча билимин жана жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Алсак, Биринчи май району боюнча олимпиадага мектеп окуучуларынын олимпиадасында 1-2-орунду ээлеген 554 окуучу катышууда. Октябрь району боюнча интеллектуалдык таймашка райондогу 20 мектептен 620 таланттуу окуучу катышууда. Свердлов району боюнча олимпиадага 303 окуучу, Ленин районунда 975 окуучу катышууда.

Мындан тышкары, №65 экологиялык-экономикалык лицейинде химия, физика, математика, география, биология, англис тилин базалык жана тереңдетип окутуу боюнча мектеп окуучуларынын республикалык Олимпиадасынын этабы  өтүүдө. Ага 377 окуучу катышууда.

Белгилей кетсек, 1-2-орунду ээлеген ийгиликтүү катышуучулар республикалык олимпиаданын 3-шаардык этабына райондун атынан катышууга мүмкүнчүлүк алышат.