Сапарбай кызы Аида Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин директору болуп дайындалды.
Дайындоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2 "Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө" Жарлыгына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кесипкөй кадрларды жана күчтүү жаштарды тартууга багытталган мамлекеттик кадр саясатынын алкагында жүргүзүлдү.
Тиешелүү буйрукка борбор калаа мэри Айбек Джунушалиев кол койду.