Биринчи май районунда Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти тарабынан уюштурулган салттуу «Атам, апам жана мен – биз спорттук үй-бүлө» эстафетасы өттү. Үй-бүлөлөр шаардык финалга чыгып, Бишкек боюнча эң алдыңкы спорттук үй-бүлө наамы үчүн ат салышты.
Мелдештин программасы кызыктуу жана динамикалуу болуп, эстафеталык таякча менен чуркап, секиргич менен секирип, баскетбол тобу менен көнүгүүлөрдү жасап, «Кенгуру» эстафетасы, кап менен секирүү, команда менен чуркоо жана аркан тартыш боюнча жарышышты. Ар бир этап физикалык даярдыкты гана эмес, үй-бүлө ичиндеги ынтымакты, өз ара түшүнүшүүнү жана колдоону талап кылды.
Катышуучулардын айтымында, мелдеш ата-энелер менен балдарды бириктирген, биргелешкен жеңиштин кубанычын жана спорттук духту белек кылган жаркын окуя болду. Көпчүлүгү мындай иш-чаралар балдарды спортко кызыктырып, үй-бүлөлүк салттарды бекемдөөгө жана дени сак жашоо образын калыптандырууга жардам берерин белгилешти.
Бардык командалар кайраттуулукту, эркти жана биримдикти көрсөтүшүп, күйөрмандар да өзгөчө колдоо атмосферасын түзүштү.
Мелдештин жыйынтыктары:
1-орун –№15 МАБ;
2-орун – Пригородная;
3-орун – Маявка-1;
4-орун –№12 МАБ;
5-орун –№16 МАБ;
6-орун – Маявка-2;
7-орун –№14 МАБ;
8-орун –№13 МАБ.
Жеңүүчүлөр менен байгелүү орундарды ээлегендер дипломдор менен сыйланышты. Биринчи үч орунду алган үй-бүлөлөргө кубоктор, медалдар жана үй үчүн пайдалуу белектер тапшырылды.
Эми райондук этаптардын жеңүүчүлөрү шаардык финалда жолугушуп, борбордун эң алдыңкы спорттук үй-бүлөсү аныкталат.