Борбор калаанын мэриясында шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн пландуу жыйында протоколдук тапшырмалардын аткарылышы, ошондой эле “Менин шаарым” тиркемеси жана мэриянын Call-борбору аркылуу жарандардын кайрылууларын кароо боюнча маалымат угулду.
Шаар тургундарынын тиркемени колдонуу активдүүлүгү жана «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде «Мэрге кайрылуу» бөлүмү аркылуу кайрылуулардын саны көбөйдү.
Кайрылуулардын саны айына 209 суроодон 1233 суроого чейин 6 эсеге көбөйгөн.
Тиркеме аркылуу жарандардын маселелерин ыкчам чечүү мүмкүнчүлүгүн эске алып, Бишкек шаарынын мэри жарандардын кайрылууларын кароого формалдуу мамиле кылган муниципалдык кызматкерлерге катуу тартиптик чараларды көрүүнү тапшырды. Мэр ошондой эле мэриянын Call-борбору аркылуу келип түшкөн кайрылууларды ыкчам жана убагында жабуу зарылдыгына көңүл бурду. «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу келип түшкөн жарандардын кайрылууларын өз убагында аткарбагандыгы жана сапатсыз аткаргандыгы үчүн 8 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү коомдук транспортко тиешелүү болуп, жыйындын жыйынтыгында коомдук транспорттун айдоочуларына тиешелүү чараларды көрүү, зарыл болгон учурда тартиптик жаза чараларын көрүү боюнча тапшырмалар берилди.