14-февралдан 23-февралга чейин Ысык-Көл облусунун Бостери айылында «Жениш» ӨРАБӨМ тарбиялануучулары үчүн каратэ жана бильярд боюнча окуу-машыгуу жыйындары өтүп жатат.
Жыйынга жалпы 20 адам катышууда — ар бир спорт түрүнөн 10 спортчу эки машыктыруучунун жетекчилиги астында машыгууда.
Машыгуулардын негизги максаты — алдыдагы мелдештерге даярдык көрүү, дене тарбия деңгээлин жогорулатуу, спорттук чеберчиликти өнүктүрүү жана атаандаштык духун чыңдоо болуп саналат.
Окуу-машыгуу жыйындары спорттук даярдыктын маанилүү бөлүгү болуп, спортчуларга интенсивдүү машыгууга жана мелдештегидей шартта өз мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.