2025-жылдын 20-февралында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата «Ар бир элдин тили жана улуттук салты – бүткүл адамзаттын мүлкү» аталышындагы шаардык иш-чара өттү.

Иш-чара кыргыз элинин “Сүйүнчү айтуу” салты жана “Манас” эпосунан үзүндү айтуу камтылган сахналаштыруу менен башталып, ар кайсы улуттагы балдар-кыздардын ыр-бийи менен коштолду.

Шаардык иш-чарада ар улуттардын ыр-бийлери жана улуттук салттары көрсөтүлүп, майрамдык концерт менен коштолду.


Расмий бөлүктө Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Өз сөзүндө алар ар бир элдин маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү катары эне тилдерин жана каада-салттарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Шаардык программанын алкагында көрүүчүлөр борбор калаанын маданий көп түрдүүлүгүнө салым кошкон ар кыл этностордун ырлары, бийлери жана каада-салттары менен таанышты.

Майрам достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында иш-чаранын катышуучуларын жана конокторун бириктирген концерт менен аяктады.