Бишкек шаарында Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо 5000 көрүүчүгө ылайыкталган кичи спорт аренасынын курулушу уланууда.
Арена Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүндө курулууда. Жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзүп, имарат эки кабаттан жана жер төлө бөлмөсүнөн турат.
Учурда металл конструкцияларын монтаждоо, металл элементтерин ширетүү, жабылбай турган калыптарды орнотуу жана тышкы инженердик тармактарды, анын ичинде канализация жана газ менен камсыздоо түтүктөрүн төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш иштерин «Евразия Строй Сервис» ЖЧКсы подряддык уюм жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, жаңы спорт аренасы мелдештерди жана массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап аянтча болуп, баш калаада спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошот.