Борбор калаанын акимчиликтеринде Балдар иштери боюнча комиссиянын (БАК) кезектеги жыйындары өттү.
Биринчи май районунда 27 материал боюнча маселе күн тартибине коюлуп, каралды. Жыл башынан бери жалпысынан 61 материал каралды.
Свердлов районунда күн тартибине 26 материал коюлуп, жалпысынан жыл башынан бери 194төн ашык материал каралып чыккан.
Ленин районундагы жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында 25 материал каралды. Жалпысынан жыл башынан бери 5 жыйын өткөрүлүп, 173төн ашык материал каралды.
Октябрь району боюнча жыйында 14 материал күн тартибине коюлду. Жалпысынан жыл башынан бери 3 жыйын өткөрүлүп, 38 материал каралып чыкты.
Комиссиялар жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүүгө, балдарды үй-бүлөсүнө кошууга байланышкан материалдарды карап чыгып, жеринде тиешелүү чечимдер кабыл алынган.
Аталган комиссиянын негизги милдети – кылмыштуулукту, селсаяктыкты алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү.
Комиссия балдардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана алардын укуктарын коргоого багытталган жигердүү ишин улантууда.
Урматтуу шаар тургундары! Эгерде Сиз балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон болсоңуз же турмуштук оор кырдаалда турган балдары бар үй-бүлөнү көрсөңүз, анда төмөнкү телефондор боюнча социалдык коргоо органдарына кайрылыңыз: 53 03 76 – Свердлов райондук администрациясы, 66 06 86 – Биринчи май райондук администрациясы, 65 37 46 – Ленин райондук администрациясы, ошондой эле балдарга жардам берүү борборуна: 0312 54 29 34, 0312 44 25 10 же ишеним телефону боюнча: 111, 112, 115.