"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаардыктар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү менен борбордун көчөлөрүн жарыктандырууну улантууда.
Жогорку Жал кичи районунда №95 мектеп гимназиясы жайгашкан Безымянная көчөсү жарыктандырылды.
Долбоордун алкагында 26 темир тирөөч жана ар бири 100 Вт кубаттуу чырактар орнотулду. Тармактын ишенимдүү иштеши үчүн 500 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылды.
Мурда бул жер караңгы болуп, окуучуларга жана райондун тургундарына ыңгайсыздык жараткан. Азыр мектептин айланасы жана анын айланасындагы көчөлөр коопсуз.
Магистралдык көчө да жарыктандырылды, анда 23 жарык орнотулган жана аларды туташтыруу үчүн 550 метр өзүн – өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылган.
Бишкекте жарыктандырууну модернизациялоо иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы жума сайын кеминде 1 көчөнү жарыктандырууну пландаштырган.