Борбор калаанын Свердлов районундагы №67 мектепте социалдык маанилүү оорулар боюнча көп тармактуу координациялык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Жолугушууда кызамык оорусунун көбөйүшүнүн себептери жана профилактикалык иш-чаралар, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында ВПЧ вакцинациясы, ошондой эле кант диабети боюнча туура тамактанууну уюштуруу маселеси талкууланды.
Жыйынга билим берүү мекемелеринин, саламаттыкты сактоо мекемелеринин директорлору, ошондой эле райондогу мектептердин ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын соңунда кызамык жана башка оорулардын алдын алуу боюнча ата-энелердин билимин текшерүү максатында онлайн викториналык оюн өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.