Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында Биринчи май райондук муниципалдык администрациясы райондун мектеп окуучулары үчүн «Сабак» тематикалык тасмасын көрсөтүүнү уюштурду.  

Иш чарага райондук админстрациясынын башчынын орун басары Айнура Арстамбекова, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Дүйшекеев Эрназар, райондук билим берүү башкармалыгынын директору Самара Шербаева жана тасманын продюсери Нурлан уулу Болот катышкан.  

Уюштуруучулар окуучуларды билимге умтулууга, мугалимдерге жана теңтуштарына сый-урмат көрсөтүүгө, мектепте да, мектептен тышкары да тартипти сактоого үндөштү. Мындан тышкары, алардын спортко болгон кызыгуусу жана талантдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, бул баалуулуктар алардын келечекте ийгиликтерге жетишип, коомдун татыктуу жараны болууга жардам берерин белгилешти.  

«Сабак» тасмасы оор жагдайларга туш болгон, ката кетирген, бирок өзгөрүүгө жана туура жолду тандоого күч тапкан өспүрүмдөрдүн мамилесин баяндайт. Сүрөттө достуктун, жоопкерчиликтин жана келечекти аныктоочу тандоонун маанилүү темалары камтылган.