Октябрь муниципалдык администрациясы Монополияга каршы кызмат жана муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте этке жана башка негизги азык-түлүк товарларына баалар боюнча туруктуу мониторинг жүргүзүүдө.

Иш продукцияга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында жүргүзүлүүдө.

Орто-Сай базарына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына учурдагы баалар талдоого алынды. Чогултулган маалыматтар баанын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн колдонулат.

Ошондой эле Орто-Сай базарынын аймагында муниципалдык базар бар, анда социалдык соода күркө уюштурулуп, эт азыктары арзан баада сатылат.

Мындан тышкары, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана ишкерлерди колдоо, ошондой эле жарандарды арзан баада айыл чарба продукциялары менен камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 17-январынан тарта Асанбай кичи районунда (Аалы Токомбаев көчөсү) ар ишемби жана жекшемби күндөрү айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт.

Жарманкеге 50 айыл чарба өндүрүүчүсү катышып, азык-түлүктөр арзан баада сатылууда.