Ленин районунун аймагында диний мекемелердин ишмердүүлүгү текшерилди.
Муниципалдык администрациянын кызматкерлери, Бишкек шаарынын МСЭКБ, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, РИИБдин, Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн жана "Новопавловка"МАБнын өкүлдөрү катышышты.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы No412 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында диний мекемелердин өрт коопсуздугуна жана жалпы санитардык абалына текшерүү жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, "Новопавловка" МАБнын аймагында 20дан ашык диний мекемелер иштейт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын МСЭКБ тарабынан мекемелерге карата жазма буйруктар жазылып, санитардык-гигиеналык нормаларды талаптагыдай сактабагандыгы үчүн 15 миң сомго 3 протокол түзүлдү.