Бүгүн, 2025-жылдын 21-февралында, “Мыкан” маданият үйүндө Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Эл байлыгы – эне тил” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын программасында “Ырыс-Ынтымак” чыгармачыл тобу жана “Жаштык” бий коллективинин кичи тобу музыкалык жана хореографиялык номерлерди тартуулашты. Алар улуттук маданияттын көп түрдүүлүгүн жана байлыгын чагылдырган чыгармаларды аткарышты.
Мындан тышкары, Абдрасул Беркиев катышуучуларга улуттук музыкалык аспаптардын тарыхы жөнүндө баяндап, алардын добушун угузуп, элдик искусствонун жандуу атмосферасын түздү.
Ошондой эле, иш-чаранын алкагында көргөзмө аймагы уюштурулуп, меймандар маданий мурастын өзгөчөлүгүн жана кайталангыс баалуулуктарын даңазалаган экспонаттар менен тааныша алышты.
Мындай иш-чаралар эне тилди сактоого, улуттук салттарды чыңдоого жана өспүрүм муундун маданий мураска болгон сый-урматынын калыптанышына өбөлгө түзөт.