Эне тил күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу социалдык мекемелерде майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.
“Аяр” мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунда, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар үчүн “Айданек” жана “Акниет” борборлорунда, ошондой эле улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекеме болгон “Үмүт үйүндө” майрамдык концерттер уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө поэзия жана обондуу ырлар жаңырып, ар түрдүү элдердин улуттук бийлери көрсөтүлдү.
Иш-чаранын соңунда коноктор ар түрдүү улуттардын улуттук тамактарынан даам сызып, Кыргызстанда жашаган элдердин маданий ар түрдүүлүгүнө көрүп кирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Бул борборлордо күн сайын болжол менен 390 адамга акысыз ысык тамак, социалдык, медициналык жана тиричилик кызматтары көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, Свердлов жана Ленин административдик райондорунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында мекеме кызматкерлеринин катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. Талкуу учурунда эне тилин сактоо жана өнүктүрүү, анын келечек муундар үчүн мааниси тууралуу маселелер каралды.
Эне тил күнү иш-чаранын бардык катышуучуларына тилди сактап, келечек муундарга өткөрүп берүүнүн зарылдыгын дагы бир жолу эске салды. Анткени тил – ар бир элдин маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү.