Күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында, 2025-жылдын 24-февралында саат 08:30дан 18:00гө чейин 11-кичирайондо жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт.

Мындай чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.

Өчүрүлүүчү даректер:

11-кичирайон,
№2,15,16,17,17/1,17а,18,19,20,20/6,21,22,23,24,25,26,27 турак үйлөр, №94-бала бакча.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобой уланат.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.