Кыргыз Экономикалык Университетинде Эл аралык Эне тил күнүнө жана Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Улан, райондун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын, ардагерлер кеңешинин кызматкерлери, жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана мектеп лидерлери катышты.
Биринчи май районунун билим берүү уюмдарынын мугалимдери жана окуучулары катышуучуларга эне тилинин байлыгын жана ар түрдүүлүгүн чагылдырган көркөм окуу, хор жана музыкалык номерлерди көрсөткөн концерттик программа тартуулашты.
Бул иш — чара эки маанилүү теманы-Эне тилин жана Мекенди коргоону бириктирди.
Өз куттуктоо сөзүндө район башчысы эне тилди сактоо элдин маданий мурастарынын ажырагыс бөлүгү катары маанилүү экендигин белгилеп, катышуучуларды келе жаткан Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.