Свердлов районунда «Атам, апам жана мен — спорттук үй-бүлө» аттуу эстафетасы өттү. Иш-чарага ата-энелер менен балдардан түзүлгөн 16 команда катышты.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти менен Свердлов райондук муниципалдык администрациясы биргеликте уюштурушту.
Эстафетаны Департаменттин директору Жоомарт Шамканов ачып, ата-энелер, чоңдор балдар үчүн үлгү болоруна басым жасады. Ал ошондой эле мындай иш-чаралар үй-бүлөлүк байланыштарды бекемдеп, дене тарбия жана ден-соолукка болгон сүйүүнү арттыраарын белгиледи. Бардык катышуучуларга ийгилик каалап, эстафета адилетүү өткөрүүнү каалады.
Белгилей кетсек, эстафетанын өзгөчөлүктөрүнүн бири жаңы административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкекке кошулган айылдардын, атап айтканда, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка жана Аламүдүн айылдарынын командаларынын катышуусу болду.
Программага боюнча этаптар: «Кыска аралыкка чуркоо», «Секирме», «Стритбол», «Кенгуру», «Кап менен секирүү», «Поезд» жана «Аркан тартыш». Ата-энелер жана балдар спорттук жөндөмдөрүн гана эмес, командалык дух, бири-бирине колдоо көрсөтүү жана жеңишке болгон аракетин да көрсөтүштү.
Этаптар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:
1-орун – Лебединовка (АТР), «Келечек»командасы;
2-орун – №18 МАБ, «Бүркүт» командасы;
3-орун – №21 МАБ, «Комета» командасы.
Жеңүүчүлөр кубок, медаль, дипломдор жана үйгө пайдалуу белектер менен сыйланышты. Биринчи жана экинчи орунду алган командалар Свердлов районун атынан шаардык турда «Спорттук үй-бүлө» наамы үчүн күрөшүүгө аттанышат.
Баардык катышуучулар өздөрүн мыкты жактан көрсөтүп, бир гана өз командасын эмес, каршы командаларын да колдоп, иш-чара дагы да эсте калаарылык деңгээлге чыкты.