Бишкек шаарындагы №100 Байдылда Сарногоев атындагы мектепте Жеңиш музейи ачылды.
Музейге коюлган ар бир буюмдун баа жеткис орду, тарыхы бар. Мектеп директору келген конокторго жаңы музейди көрсөтүп, андан кийин иш-чара жыйындар залында уланды.
Иш-чаранын катышуучулары жылуу пикирлерин билдирип, музей өсүп келе жаткан муун үчүн кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө жана сактоого чоң салым кошуп жатканын белгилешти.
Өз кезегинде согуштун ардагерлерине концерттик программа тартууланды. Жеңиш музейин ачуунун максаты-баатырларыбызды эскерүү, Улуу Ата Мекендик согушта жасаган эрдиктерин түбөлүккө калтыруу.