Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурган "Атам, апам жана мен – спорттук үй-бүлө" эстафетасы Ленин районунун №40 мектебинде өттү.

Мелдешке 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар жана алардын ата-энелеринен түзүлгөн он үч команда катышты.
Белгилей кетсек, "Орок" ААБнын командасы биринчи жолу АТР алкагында катышты.

Эстафетанын программасы таяк менен чуркоо, кап менен секирүү ("кенгуру"), топ менен машыгуу, командалык чуркоо, аркан менен секирүү жана башка ар кандай этаптарды камтыды. Ата-энелер менен балдар бири-бирин жигердүү колдоп, ылдамдыкты, шамдагайлыкты, туруктуулукту жана биримдикти көрсөтүштү.

Мелдештин жыйынтыгы менен калыстар балл топтоо системасы боюнча ар бир команданы баалоо менен мыктыларын аныкташты.

Эстафетанын жыйынтыгы боюнча:
1-орун- №2 МАБ,  "Алай" командасы;
2-орун-№3 МАБ, "Ак Шумкар" командасы;
3-орун-№5 МАБ, "Аманат"командасы ээледи.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль, диплом, ошондой эле үйгө керектүү пайдалуу белектер менен сыйланышты. Ал эми биринчи орунду алган команда шаардык эстафета турунда Ленин районунун атынан чыгып, "Спорттук үй-бүлө" наамы үчүн ат салышуу укугуна ээ болду.