Борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында Айбек Джунушалиев менен Мамлекеттик Думанын депутаты Сергей Колунов баштаган Россия Федерациясынын делегациясынын жолугушуусу болду.
Бишкек менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкууладык.
Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.
Маалымат үчүн. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы Россиянын шаарлары менен төмөнкү эки тараптуу документтерди иштеп чыкты:
Боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуулар:
- Челябинск – 2018-жылдын 15-июнда;
- Екатеринбург – 2022-жылдын 8-декабрында;
- Уфа – 2017-жылдын 13-июлунда.
Өнөктөштүк келишимдери:
- Челябинск облусу – 2017-жылдын 20-июлунда;
- Санкт-Петербург – 2015-жылдын 24-ноябрында;
- Казань – 1998-жылдын 3-сентябрында;
- Москва – 2017-жылдын 5-июлунда;
- Миасс – 1993-жылдын 7-сентябрында.