Бишкек шаарынын мэриясы Башкы план концепциясын иштеп чыгуу боюнча иштердин болжолдуу наркын көрсөткөн сунуштарды 2025-жылдын 5-мартына чейин genplan@meria.kg дарегине жөнөтүүнү суранат.
Бишкек шаарынын жана аны менен бириккен аймактардын көрктүү жана пландуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, муниципалитет 15 жылдан ашык тажрыйбасы бар архитектура, шаар куруу, шаар дизайны же ландшафттык архитектура чөйрөсүндө иш алып барган жеке жана юридикалык жактардан шаардын 2050-жылга чейин курулуш өнүгүшү боюнча концептуалдык идеялар жана сунуштарды кароого даяр.
Шаар куруунун советтик үлгүсүнөн рыноктук мамилелерге өтүүдө аймактарды шаар куруунун заманбап ыкмаларын жана методологияларын эске алуу менен коомдун маданий-тарыхый мурасын, салттуу негиздерин жана менталитетин чагылдырган шаарды өнүктүрүү концепциялары күтүлүүдө.
Концепция Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу үчүн негиз болот.
Кошумча суроолор боюнча: 0312 97 99 42; 0 (505) 55 - 13 - 85 - Жакыпов Каныбек Манасовичке (Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) кайрылыңыздар.