Эскилиги жеткен  түтүктөрдү пландуу алмаштырууга байланыштуу 2025-жылдын  25-февралда саат 09:00дөн 16:00гө чейин жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Аталган иштер Ахунбаев көчөсү, 187 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жүргүзүлөт.

Жылуулук жана ысык суу берүү төмөнкү даректерде убактылуу токтотулат:

Шота Руставели көчөсү, 97, 99, 101;

Ахунбаев көчөсү, 187, 187А, 189, 189а;

Жунусалиев көчөсү, 72.

Белгилей кетсек, оңдоо иштерин кыш мезгилинде да жүргүзүп келебиз, себеби жылуулук берилип жаткан мезгилде жасалуучу участоктор аныкталат .

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.