Чыңгыз Айтматов проспектисин көрктөндүрүүнүн алкагында эски бактардын ордуна жаңы бак-дарактар – клен дарактары отургузулат.

Ошондой эле долбоордун алкагында 2025-жылдын 22-февралында ийне жалбырактуу дарактар борбор калаанын төрт района көчүрүлүп отургузулду.

Жалпысынан «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын   адистери 250 ийне жалбырактуу дарактын 50сүн «Адинай» сейил багына, калгандарын шаардын төрт районуна бөлүштүрдү:

- Ленин районундагы «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагына 40 түп, №102 мектептин аймагына 10 түп арча отургузулду;
- Октябрь районундагы №57 бала бакчага жана №112 мектепке 50 түп көчөт отургузулду;
- Свердлов району боюнча  Кыргыз көчөсүнүн боюна 50түп дарактар отургузулган.
- Биринчи май районунда №108 мектептин айланасына ийне жалбырактуу дарактар отургузулду.

Белгилей кетсек, учурда Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы жашыл аймактарды жакшыртуу иштери, ошондой эле веложолду куруу пландаштырылууда.