Бүгүн, 2025-жылдын 27-февралында муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн жол акысын төлөөсүн текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, Муниципалдык инспекциянын өкүлдөрү, "Бишкек шаардык транспорт" МИнин кызматкерлери, Бишкек ШИИБнын жана "Тулпар" бирдиктүү картасынын адистери катышты.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, 3 жүргүнчүгө 1000 сомдон (миң сом)  айып салынды. Жалпы  3000 сомду түздү.

Айып салынган күндөн тартып бир айдын ичинде айып пул төлөнүшү керек.

Мындай рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат.

Кымбаттуу шаар тургундары, жүргүнчүлөр!
Жол акысын накталай эмес төлөөнүн түрлөрү: банктык байланышсыз карталар, QR-код, тулпар картасы аркылуу  төлөөнү суранабыз. Эгер накталай жол менен төлөсөңүз, айдоочудан талонду сөзсүз алыңыз, жок болсо, сураңыз!!!