Таштанды контейнерлеринин жанына унааны токтоткон айдоочуларга айып салынат. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы 5 айдоочуга чара көрдү.

Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 114-беренеси боюнча протоколдор түзүлдү. Төрт жеке жакка 9 000 сом, юридикалык жакка 13 000 сом айып пул салынды.

Мындан улам, айдоочулар Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин 66-пунктун бузушту. Токтоп турган унаалар атайын техниканын жеткиликтүүлүгүнө жана таштандыларды убагында чыгарып кетүүгө тоскоол болууда.

Таштанды аянтчалардын жанында токтоого каршы рейддер туруктуу негизде жүргүзүлөт. Буза тургандарга чаралар колдонулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле, баш калаада жашыл аймакта унааларды токтотууга жана жайгаштырууга тыюу салынган. Бул үчүн да 3 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып пул каралган.

Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону чакырат. Бул эрежелерди  менчигинин түрүнө карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар  сакташы керек.