Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, Биринчи май районундагы курулуш объектилеринин мурда берилген көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча көрсөтмөлөрдүн аткарылышын текшерүү максатында көзөмөл рейди жүргүзүлдү.
Рейд Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы, Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы жана №13 МАБнын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.
Текшерүү учурунда мурда аныкталган жерлердин санитардык абалына, курулуш таштандыларын чыгарууга жана курулуш аянтчаларында тартипти камсыз кылууга байланыштуу мыйзам бузуулар жоюлганбы, жокпу, аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бардык эле куруучулар жазма буйруктар боюнча талаптарды толук аткарбагандыгы аныкталды. Мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү чаралар, анын ичинде айып пул салынып жана кайталап жазма буйрук берилет.