"Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп жатат.
Орточо электр кубаттуулугу – 452 МВт, отундун суткалык керектөөсү (көмүр) – 7,572 миң тонна, жылуулук энергиясын өндүрүү – 9, 725 миң Гкал. ⠀
Бүгүнкү күндө 8 отказан агрегаты, кайчылаш байланышы менен 4 турбиналык агрегат, №3 жана 4 блоктору иштеп жатат.
3-мартка карата ЖЭБдин кампасында калган отун -132,532 миң тонна көмүрдү түзөт. Бул көлөм жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жетиштүү.
Жалпысынан көмүр 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинин аягына чейин белгиленген график боюнча берилет.
Бишкек ЖЭБи - Кыргызстандын түндүгүндөгү эң ири өндүрүүчү ишкана болуп саналат жана Кыргызстандын борборунун тургундарын жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуулук менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.