Биринчи май районунун аймагында туруктуу негизде «Коломто» баш калкалоочу жайы Жибек-Жолу проспекти, №413 дарегинде жайгашкан.
«Коломто» мекемесинин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- убактылуу түнөк менен камсыздоо, акысыз бир жолку тамак берүү;
- медициналык кароо жана алгачкы санитардык тазалоону жүргүзүү;
- муктаждарга гуманитардык кийим-кече берүү;
- карыларды интернат тибиндеги мекемелерге жайгаштырууга көмөктөшүү.
2024-жылдын 12 айында жана 2025-жылдын январында жалпы 2 774 адамга социалдык кызматтар көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 299 жарандын документтери калыбына келтирилген, 160 адам үй-бүлөсүнө кайтарылган, 92 адам стационарга жөнөтүлгөн, 1 259 адам амбулатордук дарыланган.
Мындан тышкары, жыл сайын күздөн жазга чейинки мезгилде (ноябрдан апрелге чейин) убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылат.
Октябрь районунда 12-кичи район, А. Токомбаев көч., 1а дарегинде жайгашкан убактылуу баш калкалоочу жайда учурда 80 адам бар. Жайда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, төшөнчү буюмдары жана дары-дармектер сатылып алынган. Ошондой эле күнүнө бир жолу ысык тамак берилет.
Свердлов районунда Фере көч., 34а дарегинде жылытуу пункту иштеп жатат. Учурда ал жерде 27 адам бар. Бөлмө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дары-дармектер, төшөнчүлөр сатылып алынган жана күнүнө бир жолку ысык тамак менен камсыздалган.
Баш калкалоочу жайларга жарандар өз алдынча кайрылса болот, ошондой эле аларды милиция кызматкерлери жана тез жардам бригадасы алып келиши мүмкүн. Эгерде сиз жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, төмөнкү номерлерге чалсаңыз болот: 102 (милиция), 103 (тез жардам).
Баш калкалоочу жайларга кайрылган жарандарга бир жолку ысык тамак берилет. Коопсуздукту камсыздоо максатында бардык баш калкалоочу жайларда РИИБ кызматкери нөөмөттө турат. Ошондой эле үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медицина кызматкерлери тийиштүү медициналык жардам көрсөтүшөт.