Ленин районунун № 68 мектептин базасында "Манас таануу" жана "Жаш манасчы" сынактарынын райондук этаптары өткөрүлдү.

"Манас таануу" интеллектуалдык телеберүү сынагына райондун 57 мектебинен 19 окуучу катышты. Төмөнкү билим берүү уюмдарынын жамааттары Кыргыз улуттук "Манас" театрынын дипломдору менен сыйланышты:
1-Орун -№ 68 ЖББОМ, "Мурак"тобу;
1 - орун-№55ЖББОМ "Жетиген"тобу;
2- орун №59 ЖББОМ "АЯН"тобу;
2-орун № 47ЖББОМ "Айкөл Шер" тобу.

"Жаш манасчы" сынагына 55 мектептен 33 окуучусу катышып, төмөнкү мектептердин окуучулары кыргыз улуттук "Манас"театрынын дипломдору менен сыйланышты:
1-орун  № 79ЖББОМдин окуучусу Абдултахирова Каникей Салкынбековна;
2- орун  №50 ЖББОМдин окуучусуАкимканов Алихан;
2-орун  №44 ЖББОМдин окуучусу Латафулин Максим;
2-орун  №72 ЖББОМдин окуучусу  Мамбеттурдиев Бакай;
2-орун  №96 ЖББОМдин окуучусу  Эдилбаев Диас.

Сынактар Кыргыз Республикасынын Президентинин " "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.