Муниципалдык инспекция тиричилик жана курулуш таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштаган бир нече жарандарды аныктап, жоопкерчиликке тартты.

Видеобайкоо камералары аркылуу шаар тургуну үйдүн артына таштанды салынган баштыкты ыргыткан учуру түшүп калган.  Бул фактынын негизинде 115-берененин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, 5500 сом айып пул салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан тышкары, шаар тургундарынан түшкөн арыздар боюнча атайын техниканын айдоочулары жоопкерчиликке тартылган. Аламудун суусуна курулуш жана башка калдыктарды таштоо фактысы аныкталган.

Эки мыйзам бузуучуга “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык протоколдор түзүлдү. Жалпы айып пулдун суммасы 13 000 сомду түзөт. Ошондой эле аларга 2 күндүн ичинде ташталган таштандыларды тазалоо милдети жүктөлгөн.

Урматтуу шаар тургундары! Мындай аракеттер шаарда үймө-үй ташталган таштанды жайларын түзүүгө алып келет. Турмуштук калдыктарды таштанды челекке, ал эми курулуш жана тигүү калдыктарын таштанды полигонуна алып барып таштаңыздар.