Бишкек шаарынын мэриясы жарандардын жашаган жери  жана барган жери боюнча каттоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо зарылдыгын эскертет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө” токтому менен бекитилген колдонуудагы жобого ылайык, ар бир жаран туруктуу жашаган же убактылуу жүргөн жери боюнча өз убагында каттоого турууга милдеттүү.

Жарандарды каттоо калкты эсепке алуу үчүн гана эмес, транспорт, социалдык инфраструктура, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелери сыяктуу шаардык ресурстарды эффективдүү пландаштыруу үчүн да маанилүү. Мындан тышкары, бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга, анын ичинде медициналык жардам алуу, социалдык жөлөкпулдарды иштетүү, ишке орноштуруу жана башка маанилүү процедураларга жетүү үчүн каттоодон өтүү зарыл.

Жогоруда көрсөтүлгөн Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын барган жери боюнча каттоо эсебине алуу жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан 1 жылдан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт. Мындан тышкары, жашаган жери өзгөргөн учурда Кыргыз Республикасынын жараны 10 календардык күндүн ичинде жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө кайрылууга же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу каттоо эсебине электрондук арыз берүүгө милдеттүү.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада жашаган бардык жарандарды жашаган жери жана барган жери өзгөргөн учурда каттоодон өз убагында өтүүгө жана маалыматтарын тактоого чакырат.