Бишкек шаарында күйүүчү-майлоочу материалдар менен мыйзамсыз сооданы токтотуу боюнча рейддер улантылууда.
Иш-чаралар мыйзамсыз саткан сатуучулар дайыма турган жайларда – Профсоюз көчөсүн бойлой Фучик көчөсүнөг П.Лумумба көчөсүнө чейинки аралыгында, Достоевский көчөсүндө, Маевка МАБ аймагында жана башка жерлерде өтүүдө.
Рейддерге Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясы, райондук администрациялардын кызматкерлери, Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы жана милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери катышат.
Ушул жылдын башынан бери Муниципалдык инспекция тарабынан мыйзамсыз күйүүчү май саткан 112 адамга 336 000 сомго айып салынган.
Бензинди бөтөлкөлөргө саткан адамдарга эң көп протоколдор Биринчи май районунда жазылган, айыптын жалпы суммасы 120 000 сомду түзөт. Андан кийин Ленин районунда 105 000 сомго 35 протокол, Свердлов районунда 78 000 сомго 26 протокол жана Октябрь районунда 33 000 сомго 11 протокол жазылды.
Белгилей кетсек, күйүүчү майды белгиленбеген жерлерде сатуунун коркунучу чоң, анткени коопсуздук эрежелери сакталбайт жана өрт же жарылуу коркунучу бар.
Бул укук бузууга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык 3 000 сом айып салынат.