Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Алга-Бишкек» футбол клубунун жаңы директору Эмиль Кутманов жана башкы машыктыруучу Сергей Попов менен жолукту.
Жолугушууда быйылкы сезон үчүн коюлган спорттук максаттар, клубга колдоо көрсөтүү маселелери жана анын өнүгүү перспективалары талкууланды.
Шаар башчысы өлкөдө дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи. Жаңы спорт комплекстери, стадиондор жана машыгуу залдары курулууда. Ошондой эле Бишкекте көп функционалдуу «Алга» спорт комплекси курулуп жатат. Анда 3000 орундуу футбол стадиону, машыгуу аянтчалары, мейманкана, ден соолукту чыңдоо комплекси жана аймакты көрктөндүрүү каралган.
Белгилей кетсек, башкы машыктыруучулук кызматка AFC PRO лицензиясына ээ болгон украиналык адис Сергей Александрович Попов дайындалды. Ал буга чейин Донецктин «Шахтер» клубунун U-21 командасынын жана Украинанын U-16 улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген.