Бишкек шаарында эвакуаторлор иштеп жатат! Эми таштанды контейнерлеринин жанына туура эмес токтотулган унаалар мажбурлоо жолу менен эвакуацияланып, ээлерине айып пул салынат.
Буга байланыштуу мэрдин орун басары Рамиз Алиев, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана ШИИБдин Кайгуул кызматынын өкүлдөрү катышкан рейддик иш-чаралар Көк-Жар кичи районундагы Малдыбаев көчөсүндө, ошондой эле Абай көчөсүндө (Горький көчөсүнө чейин) текшерилди.
Рейддин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлдү. Жалпысынан «Тазалык» ишканасынын атайын техникаларынын ишине тоскоолдук жараткан 9 унаа эвакуацияланып, айып короого жеткирилди.
Белгилей кетсек, таштанды төгүүчү жайларга унаа токтотууга каршы рейддер туруктуу негизде өткөрүлөт. Эреже бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Таштанды контейнерлеринин жанына унаа токтотпоону өтүнөбүз.