Бүгүн, 2025-жылдын 6-мартында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте 8-Март Эл аралык аялдар күнүнө арналган «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги – 100 жыл» аттуу иш-чараны өткөрдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун атынан айтылган куттуктоо сөзү менен башталып, аны Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуду. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Куттуктоолордо  аялдардын коомдун өнүгүшүнө кошкон зор салымы белгиленип, алардын укуктарын коргоонун, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн жана өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү  баса белгиленди.

Иш-чара белгилүү артисттердин жана чыгармачыл топтордун катышуусундагы майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.