Бишкек шаарында коллектордук жана дренаждык тармактарды тазалоо борбордун Биринчи май жана Свердлов райондорунда иштер уланууда.
Бүгүнкү күндө Биринчи май району боюнча 21 миң 700 метрге жакын, ошондой эле Свердлов району боюнча 9 миң 777 погон метр ирригация тазаланды.
Учурда «Калыс-Ордо» конушунда ЧЧЧКнын түштүк тарабында, "Көлмө" кичирайонунда жана "Маевка" конушунда иштер жүргүзүлүүдө.
Ачык жана жабык коллектордук-дренаждык системаларды тазалоо иштери жылына эки жолу жүргүзүлөт. Негизги иштер Биринчи май жана Свердлов райондорунун конуштарында өткөрүлөт, анткени бул аймакта табигый жер астындагы суулардын деңгээли жогору. Каналдын тилкелерин көбүнчө камыш, ылай басып калат.
Жабык коллектордук-дренаждык системалардын нормалдуу иштеши үчүн негизги кыйынчылыктар жергиликтүү тургундардын мыйзамсыз кошуп алуусу саналат, алар тиричилик таштандыларын агызып, тармактарды системалуу түрдө жаап коюшат.
Кошумчалай кетсек, дренаждык түйүндөр жайгашкан аймактарга өз алдынча тосмолор орнотулуп, скважиналардын капкактары уурдалып кеткендиктен жумуш татаалдашууда.
Урматтуу жарандар! Ирригациялык системаларды тоспоону, муниципалдык менчикке аяр мамиле жасап, шаардык кызматтын кызматкерлеринин эмгегин сыйлооңуздарды суранабыз.