Жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында, 2025-жылдын 10-мартында  саат 09:00дөн 20:00гө чейин Чыгыш-5 кичирайонунда жылуулук менен камсыздоо жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул иш-чара 2025-жылга карата жылуулук тармагын  жаңыртуу планынын алкагында эски участокту алмаштырып, жаңы орнотулган жылуулук тармагына кошуу иштерин жүргүзүү үчүн уюштурулууда.

Жылуулук жана ысык суу берүү төмөнкү үйлөрдө токтотулат : Чыгыш-5 кичи районунда 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19-үйлөр; Чүй проспектиси боюнча №30, 32, 34 үйлөр, ошондой эле Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв мектеби (Чыгыш-5, 20/3) жана №59 бала бакчасы (Чыгыш-5, 18/1).


"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт