Борбор калаадагы Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде эркин күрөш боюнча U-17 жаш өспүрүмдөр арасында шаар биринчилиги  өттү.

Турнирде Бишкектин эң мыкты жаш балбандары күч сынашып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын, жеңишке болгон умтулуусун жана күчтүү кулк-мүнөзүн көрсөтүштү.

Мелдештин негизги максаты – шаар боюнча мыкты спортчуларды аныктап, аларды Кыргызстандын чемпионатына даярдоо. Бул турнир катышуучулар үчүн тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүп, өз күчүн сыноо жана спорттук карьерасында жаңы баскычка көтөрүлүүгө дем-шык берди.

Сынакты Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурду.

65 кг салмак категориясындагы жыйынтыктар:

Калыбеков Алтынбек (2009-ж.т.) – 1-орун;
Муканбетов Түгөлбай; (2009-ж.т.) – 2-орун
Абдыкалыков Марат (2009-ж.т.) – 3-орун;
Сардарбеков Каниет (2008-ж.т.) – 3-орун.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.