"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Арча-Бешик конушун жарыктандыруу иштерин улантууда.
Долбоордун алкагында Кең-Суу көчөсүнө кубаттуулугу 100 Вт болгон 20 заманбап шам чырактар орнотулган, ал эми тармактын ишенимдүү иштеши үчүн 750 метр өзүн өзү көтөрө турган изоляцияланган зым (СИП) тартылган.
Эми бул жер коопсуз жана ыңгайлуу.
Учурда Шербет, Сары-Булуң жана Кызыл-Суу көчөлөрүнө жарык берүү иштери улантылып жатат.
Адистер электр чубалгыларын орнотуп, чырактарды туташтырышат.