2025-жылдын 12-мартынан 14-мартына чейин селдин алдын алууга багытталган республикалык командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлөт.
Машыгууларга Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу башчысынын орун басары Рамиз Алиевдин жетекчилиги астында шаардык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары катышууда.
Командалык-штабдык машыгуулардын алкагында сел коркунучу пайда болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрү жана каражаттары тартылууда.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын 2025-жылга Жарандык коргонууну даярдоо планынын негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин тактоо максатында өткөрүлүүдө.
Ошондой эле машыгуунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги шаардык кызматтарга Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалдардын жана сел коркунучунун алдын алуу боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырды.