Борбор Азияда ишкердик тез өнүгүүдө. Өткөн жылдын июль айында Цзюньсинь компаниясы Бишкек шаарындагы таштандыдан электр энергиясын өндүрүү долбоорунун концессиялык укугун алды. Долбоордун жалпы көлөмү күнүнө 3000 тонна катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүүнү камтыйт, ал эми баштапкы баскычта күнүнө 1000 тонна таштанды иштетилет. Бул Бишкектин азыркы жана келечектеги өсүп жаткан таштандыны кайра иштетүү муктаждыктарын толугу менен канааттандыра алат.

Долбоор өткөн жылдын август айында толугу менен курулуш иштерине киришип, учурда долбоордун курулуш аянтындагы негизги инфраструктура иштери (суу, электр, жол каттамдары жана жердин тегизделиши) толук аяктады, заводдун башкы имараты жана комплекстүү имараттын пайдубалы бүткөрүлүп, негизги курулуштун бетон куюу иштеринин бир бөлүгү аяктаган.

Долбоорду быйыл жыл аягына чейин толук аяктап, ишке киргизүү мерчемделүүдө. Бул Кытайдын курулуш тармагындагы жогорку ылдамдыгын жана натыйжалуулугун дагы бир жолу далилдейт. Аталган долбоор Борбор Азиядагы биринчи расмий ишке киргизилген таштандыны утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү станция болуп калмакчы. Бишкек шаары Борбор Азияда биринчи болуп тиричилик таштандысынын толук көлөмүн утилдештирип, кайра иштетүүнү ишке ашырат.

Кытайдын жогорку технологиялуу ишканасы жана Шэньчжэнь фондулук биржасында катталган компания катары, Цзюньсинь компаниясы тарабынан курулуп, башкарылып жаткан Чанша Хеймийфэнг катуу тиричилик таштандыларды утидештирүү комплекси – бул Кытайдагы уникалдуу  экологиялык парк, ал таштанды өрттөп электр энергиясын өндүрүү боюнча эки долбоор менен курулуш тармагындагы эң жогорку сыйлык – Лубан сыйлыгына (курулуш тармагындагы “Оскар”) татыган.

Бул экологиялык парктагы саркынды сууларды тазалоо жана фильтратты иштетүү долбоорлору тиешелүүлүгүнө жараша Кытайдын “Ири илимий-техникалык долбоорлорду ишке ашыруу объектиси” жана “Илимий-технологиялык үлгүлүү долбоор” деген жогорку баага ээ болгон.

Көп жылдык өнүгүүнүн негизинде Цзюньсинь компаниясы тиричилик таштандыларын, ашкана калдыктарын, муниципалдык саркынды сууларды, фильтратты жана учуучу күлдү иштетүү боюнча толук өндүрүштүк чынжырды түзүүгө жетишти.  Бул ар кандай өлкөлөр жана шаарлар үчүн атайын ылайыкташтырылган катуу таштандыларды утилдештирүү боюнча комплекстүү чечимдерди сунуштап, бирдиктүү кызматтарды көрсөтө алат.