2025-жылдын  20-мартында  саат 9:00 - 24:00 чейин төмөнкү даректердеги  турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:  
•темир жол тилкеси- М. Фрунзе көчөсү-Аламүдүн  суусу- Панфилов көчөсү
•темир жол тилкеси -Матросов көчөсү- Горький көчөсү- Гвардейский  көчөсү – Бектенов көчөсү-Скрябин көчөсү-Мавлянов көчөсү-7-апрель көчөсү.

«Көк-Жар»  суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы  келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын  суранат.