Бишкек шаарында Ч. Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу №55, №56 жана №8 автобус маршруттарынын кыймыл схемалары өзгөртүлдү.
•№55 автобусунун кыймыл багыты төмөнкүдөй өзгөртүлдү:
Д. Садырбаев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү.
•№8 автобустун кыймыл багыты:
И. Ахунбаев көчөсү – Тыналиев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү.
•№56 автобусу А. Масалиев жана Д. Садырбаев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар!
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгындарын болтурбоо үчүн алдын - ала жол каттамыңызды пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайбыз.
Жаңы кыймыл схемалары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: