21, 22 жана 23-март күндөрү саат 19:00дө Бишкек шаарынын  мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын сахнасында «Принцесса Турандот» спектакли тартууланат. Бул чыгарма Карло Гоццинин жомокторунун негизинде сахналаштырылган фантазия болуп саналат. Спектаклдин коючусу – Казакстан Республикасынын эл артисти Бекпулат Парманов.

Италиялык драматургдун атактуу жомогунда Кытайдын сулуу, бирок ташбоор ханышасы Турандот жөнүндө баяндалат. Ал турмушка чыккысы келбегендиктен, ага үйлөнгүсү келген жигиттерге үч өтө татаал табышмак берет. Эгерде кимдир бирөө туура жооп бере албаса, аны өлүм жазасы күтөт. Бирок бул катаал эрежеге карабастан, принцессага ашык болгондор токтобой келет.

Бардыгы принц Калаф келгенде өзгөрөт. Ал катаал сыноолордон өтүп, Турандоттун жүрөгүн багындыра алабы? Бул баян трагедияга да, комедияга да, күтүлбөгөн бурулуштарга да, албетте, чыныгы сүйүүгө да бай.

Көрөрмандарды сыйкырдуу жомоктун атмосферасына бөлөп, тамашалуу, кызыктуу жана кооз коюмдагы спектаклди көрүүгө чакырабыз!

Театрдын дареги: Чүй проспектиси, 28
Спектаклдин көрсөтүү даталары жана убактысы: 21, 22, 23-март, саат 19:00
Маалымат үчүн байланыш телефондору: 53-04-42, +996 500 20-10-67

Карло Гоццинин жомоктогудай таң калыштуу дүйнөсүнө сүңгүп кирип, унутулгус сүйүү менен жеңиштин окуясынын күбөсү болууга шашылыңыз!