2025-жылдын 21-мартында Бишкек шаарында Нооруз улуттук майрамы белгиленет. Быйылкы жылы майрамдык иш-чаралар Т.Усубалиев атындагы аянтта саат 10:00дөн 19:00гө чейин борбор калаанын тургундарын жана конокторун кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган жаркын жана жакшы эмоцияга бай иш-чаралар күтөт.
Иш-чаралар «Кел, куттуу Ноорузум» аттуу театралдаштырылган пролог менен башталып, көрүүчүлөр жаратылыштын ойгонушун жана кыш мезгилинен жазга өтүүнү символдоштурган түркүн түстүү бий номерлерин жана фольклордук аткарууларды көрө алышат.
Күнү бою аянтта прикладдык искусствонун көргөзмөлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча оюндар, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болот. Каалоочулардын баары орнотулган “Ордо (Кыргыз айылы)” боз үйлөрүнө баруу менен кыргыз элинин каада-салты менен тааныша алышат.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайт жана жаркын маанай каалайт!